Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

АКШ элчилиги Тажикстандагы туристтерге кол салууну айыптады


Дангара районундагы окуя болгон аймак.
Дангара районундагы окуя болгон аймак.

АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги Тажикстандагы төрт туристтин өмүрүн алган окуяны айыптады.

«Биз кол салган адамдардын ырайымсыздыгын катуу айыптайбыз, алар ак ниет жана меймандос тажик элинин өкүлдөрү эмес экенин түшүнүп турабыз»,-деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

29-июлда "Daewoo Leganza" үлгүсүндөгү автоунаа Дангара районунда велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткени кабарланган. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жаракат алган.

Дүйшөмбү күнү Тажикстандын ички иштер министри автоунаадагы адамдар туристтерди сүздүргөндөн кийин аларга курал жана бычак менен кол салганын билдирди.

“Туристтер Дангарадан Дүйшөмбүгө баратышкан. Алар Аксу кыштагынын тушунда белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылышкан. Учурда бардык версиялар каралып жатат. Анын ичинде автокырсык, киши өлтүрүү сыяктуу версиялар бар. Азырынча террорчул акт болду деп толук ишеним менен айта албайбыз. Аны иликтөө көрсөтөт”,- деди министр Рамазон Рахимов.

Туристтердин өлүмүнө себепчи болгон айдоочу жана автоунаадагы башка адамдар окуя болгон жерден качып кетишкен. Бирок көп өтпөй 21 жаштагы жигит колго түшкөнү белгилүү болгон. Шектүүлөрдү кармоо операциясында мурда айтылгандай эки эмес, бир киши жок кылынды. Калган шектүү кишилерди издөө аракети уланып жатат.

XS
SM
MD
LG