Учурда Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Кара-Кечеден 36 миң тонна көмүр ташылып келди. Жалпы кыш сезонуна 1 млн. тоннадай отун керектелсе, анын жарымы Казакстандан импорттолот. Бул тууралуу “Азаттыкка” биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
- Кара-Кечеден 550 миң тонна келиши керек. Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна. Казакстандан 400 миң тонна келет. Азыр тендер аяктап, эксперттер эсептеп чыккандан кийин ташыла баштайт, - деди Боронов.
Бир нече жылдан бери Казакстандан ЖЭБге тартылчу көмүрдүн тендерин чыр коштоп келет. "ЖЭБ толук оңдолуп бүткөндөн кийин жалаң ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн көмүрү тартылат" деп айтылган. (TSh)