Бүгүн, 31-июлда саат 10до Жогорку сот Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жактоочусу Сергей Слесарев маалымдады.
- 10-июлда Жогорку сотто бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралган. Азыр болсо 28-августка чейин узартуу жөнүндө чечимге каршы арыз каралат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кубанычбек Кулматовду 2018-жылдын 5-июнда кармап, ал 28-июнга чейин камакка алынган.
25-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карап, аны 28-августка чейин абакта калтырган болчу. Актоочу тарап экс-мэрди үй камагына чыгарууну өтүнүп жогорку инстанцияга даттанган, бирок арыз канааттандырылган эмес.
Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталууда. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып коюлган.
Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (TSh)