Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө таш кулап, казакстандык бир турист каза болду. Жети киши жабыркады.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, туристтердин төртөө Казакстандын, төртөө Орусиянын жарандары болгон. 30-июлда түш ченде болгон кырсык тууралуу Казакстанга маалымат берилди. Куткаруу операциясын аткаруу үчүн кошуна өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин тик учагы Алматы шаарынан 31-июлда таңкы саат 7ге жакын учуп чыкканы айтылды.
Аламүдүн районуна караштуу №9 Скрябин мөңгүсү деңиз деңгээлинен 4100 метр бийиктикте жайгашкан.(КЕ)