Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Тажик өкмөтү теракт үчүн "Ислам кайра жаралуу партиясын" айыптады


Окуя болгон жер. 29-июлда Хатлон облусунда жеңил машине велосипед менен бараткан чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзгөндө төрт киши каза тапкан.
Окуя болгон жер. 29-июлда Хатлон облусунда жеңил машине велосипед менен бараткан чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзгөндө төрт киши каза тапкан.

Тажик өкмөтү "чет өлкөлүк туристтерге кол салуунун артында тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы турат" деп билдирди. Ички иштер министрлиги колго түшүрүлгөн шектүү адамдын көрсөтмөлөрүнө таянып, кылмышкерлерди партиянын "жигердүү мүчөсү" баштап жүргөнүн 31-июлда жарыялады.

Өткөн жекшембиде Хатлон облусунда жеңил машине велосипед менен бараткан чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзгөндө төрт киши – эки америкалык, бир швейцариялык жана бир голландиялык жаран өлгөн, бир нечеси жараланган.

Министрлик кол салгандардын башчысы Иранда машыгуудан өткөнүн, кылмыштан кийин алар Ооганстанга качууну көздөшкөнүн кошумчалады.

Дүйшөмбү күнү “Ислам мамлекети” радикал уюму туристтердин өлүмү үчүн жоопкерчиикти өзүнө алган. Бул тууралуу кабарлаган экстремисттердин "Амак" агенттиги башка далилдерди келтирген эмес. Бул – Тажикстандагы чет элдик жарандарды бутага алган биринчи теракт.

Тажик бийлиги "Ислам кайра жаралуу партиясын" 2015-жылы “террордук уюм” деп жарыялап, өлкөдө иш жүргүзүүсүнө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG