Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:44

Москвада калайман мушташта Кыргызстандын жараны каза болду


Москва.
Москва.

Москвада курулуш объектилеринин биринде Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, бир кыргызстандык каза болду.

Баштапкы маалыматтарга караганда, маркум бийиктиктен кулап түшкөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Учурда Орусиянын Тергөө комитетинин Кузьмин райондук бөлүмү кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча териштирүү ишин жүргүзүп жатат. Калайман мушташка катышканы кабарланган төрт кыргызстандык, ондон ашуун өзбекстандык кармалып, суралды. Кылмыш ишин козгоо же козгобоо тууралуу чечим ошонун жыйынтыгы менен кабыл алынат.

Элчилик маркумдун сөөгү бүгүн, 31-июлда мекенине жөнөтүлөрүн кабарлады.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, былтыр чет өлкөдө ар кандай жагдайда каза болгон 245 жарандын сөөгү Кыргызстанга алынып келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG