Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Трамп Роухани менен "шарт койбостон" жолугушууга даяр


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Ирандын президенти Хасан Роухани менен өз ара мамилелерди талкуулаш үчүн «шарт койбостон» жолугууга даяр экенин билдирди.

“Мен ким менен болбосун кездешип жүрөм, жолугушууларга ишенем, өзгөчө сөз согуш жана адам өлүмдөрү, ачарчылык жана башка нерселер жөнүндө жүргөндө ушундай”, – деди Трамп 30-июлда Италиянын өкмөт башчысы менен чогуу өткөргөн басма сөз жыйынында.

"Кандайдыр бир шарт коюлабы?" деген суроого америкалык лидер: “Эч кандай алдын-ала шарттар жок. Алар жолуккусу келсе, каалаган убакытта жолугушам”, - деп жооп берди. Трамп кошумчалагандай, андай кездешүү “өлкөгө, каршы тарапка, бүтүндөй дүйнөгө пайда алып келмекчи”.

Ирандын лидерлери Трамптын сунушун дароо четке каккан жок. Буга чейин АКШнын президенти эки өлкө 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди алмаштырыш үчүн сүйлөшүү жүргүзүшү мүмкүн экенин айткан. Май айында Трамп бир нече өлкө кол койгон эл аралык келишимден Вашингтон чыгарын жарыялаган. Роуханинин башкы кеңешчиси Хамид Оналеби "сүйлөшүүлөрдү жандандырыш үчүн Кошмо Штаттар 2015-жылдагы келишимге кайтышы керек" деп 31-июлда "Твиттердеги" постунда белгиледи.

XS
SM
MD
LG