Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында жолго коюлган бомба жарылганда кеминде 11 жүргүнчү каза тапты, 40тай киши жарадар болду. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Насер Мехди жардыруу шейшемби күнү эртең менен Бала Булук районунда Кабулга карай автобус өтүп бараткан маалда болгонун билдирди.
Фарахтын полиция башчысы кол салууну "Талибан" уюштурганын айтты. Бирок талибдер өздөрү үн ката элек.
Расмий маалыматка караганда, өлгөндөрдүн арасында аялдар менен жаш балдар бар. Жарадар болгондордун айрымдары оор абалда экени маалымдалды.