Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

Бишкектин мэрлигине талапкер Суракматов тил сынагынан өттү


Бишкектин мэрлигине талапкер Азиз Суракматов кыргыз тилден сынак тапшырды. 31-июль, 2018-жыл.
Бишкектин мэрлигине талапкер Азиз Суракматов кыргыз тилден сынак тапшырды. 31-июль, 2018-жыл.

Бишкек шаарынын мэрин шайлаш үчүн талапкерлердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет” деген чечимин чыгарды.

Сынак тапшыруу учурунда Суракматов өзүнүн программасы тууралуу учкай айтып, коррупцияга каршы күрөшүү мэриянын негизги иштеринен болорун белгиледи. Ал жол салуу, шаарга автобустарды алып келүү, борбордун айланасындагы жаңы конуштарды жарык менен камсыз кылуу, экологияны коргоо, шаарды жашылдандыруу, таштандыдан арылуу маселелерине көңүл буруларын айтты. Мындан сырткары баш калаанын бюджетин көбөйтүү, бири-бирин кайталаган кызматтарды азайтуу, коррупцияга каршы күрөшүү багытында иш жүргүзүүгө да убада берди.

Азырынча мэрлик кызматка Азиз Суракматов гана талапкер катары арызын тапшырды. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Документтерди тапшыруу мөөнөтү бүгүн, 31-июлда кечки саат 18:00дө аяктайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG