Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

Кыргызстан былтыр 4914 адамга жарандык берген


Кыргызстандын жаранынын паспорту.
Кыргызстандын жаранынын паспорту.

2017-жылы 4914 Кыргызстанда адамга жарандык берилген. Көбү чет элден тарыхый мекенине кайткан кыргыздар. Эреже боюнча, аларга алгач "кайрылман" макамы ыйгарылып, андан соң жарандык берүү маселеси каралат.

Быйыл 13-июнда президенттин жарлыгы менен 342 адамга, 30-июлда 1654 кишиге жарандык берүү тууралуу жарлык чыкты.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын паспортуна ээ болууну каалагандардын арасында башка мамлекеттерден келин болгон миңдеген аялдар да бар. Качкын болуп келгендер же жөн эле Кыргызстанда жашоону каалаган чет элдиктер да кезигет.

Ошол эле учурда Кыргызстандын жарандыгынан баш тартууну каалагандар да жыл сайын миңден ашат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, былтыр 1986 киши жарандыктан чыкса, быйыл жарым жылда эле кыргыз паспортунан баш тарткандардын саны бир жарым миңге чукулдап калды.

Баш мыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгарууга жана кабыл алууга президент гана укуктуу.

Өлкөнүн жараны болгусу келген адам Кыргызстанда соңку беш жылда туруктуу жашашы керек. Мыйзамдарды бузбаганы тууралуу Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен жана Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган маалымкаттардын негизинде ага жарандык берүү маселеси каралат. (SE)

XS
SM
MD
LG