Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:40

Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдагандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүргөн адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, шектүү катары эки киши кармалды.

20-июлда Ысык-Көл облустук милициясына Бишкек шаарынын 52 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү саат 19:00 жана 20:10 чамасында белгисиз адамдар «Алтын-Кум» пансионатындагы анын бөлмөсүнө кирип, «Самсунг С7», «Самсунг NOT 4» үлгүсүндөгү эки чөнтөк телефонун жана «Самсунг Йога» үлгүсүндөгү ноутбугун уурдап кетишкенин билдирген. Мындан улам ал 90 миң 500 сом зыянга учураганы айтылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“Уурдоо”) менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлеринин аракети менен кылмыштын бети ачылган. Шектүү катары Балыкчы шаарынын тургундары —35 жаштагы Ж.К. жана 22 жаштагы Ж.А. кармалды. Алар буга чейин уурулук фактысы боюнча соттолушкан.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (AsM)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG