Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Ярославлдагы колонияда айыпкерлер ачкачылык жарыялашты


Ярослалдагы колониялардын бири.
Ярослалдагы колониялардын бири.

Орусиянын Ярославль облусунун колониясында отурган бир нече киши шарттарды жакшыртууну талап кылып ачкачылык жарыялады. Федералдык жаза аткаруу кызматы ачкачылыкты буга чейин тартипти одоно бузган айыпкерлер кармашканын билдирди.

"Интерфакс" агенттигинин маалыматына ылайык, ачкачылык жарыялагандардын арасында буга чейин башка абакта кыйноого туш болгон Евгений Макаров да бар. Ал кыйноо жөнүндө былтыр даттанганда тартип сакчылары кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. 20-июлда “Новая газета” Макаровдун сабалганы тартылган укук коргоочулардын колундагы видеону жарыялады.

Ошондон кийин колониянын бир нече кызматкери камакка алынган. Макаров өз өмүрү үчүн кооптонуп жатканын айтса, анын адвокаты Инна Бирюкова коркутуудан улам Орусиядан кетүүгө мажбур болгон.

31-июлда Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары Макаровдон кечирим сурады.

XS
SM
MD
LG