Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн жыйында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 2018-жылы жалпы жол салууга 1 млрд. 985 млн. сом каралганын маалымдады. Анын ичинен Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушуна 935 млн. сом бөлүнгөн.
Ошондой эле министр Жамшитбек Калилов сентябрь айында өтүүчү Көчмөндөр оюндарына карата бардык тапшырылган иштерди аяктоо үчүн аракеттер көрүлүп жатканын, тактап айтканда 14 көпүрөнүн алтоо курулуп бүткөнүн белгиледи.
Балыкчы - Корумду - Чолпон-Ата жолун оңдоо 2015-жылы башталган. Жалпы узундугу 104 чакырымды түзгөн жолду оңдоого жетиштүү каражат бөлүнбөй, иш бүтпөй келет.
Буга чейин жолду оңдоонун кечеңдеши Ысык-Көлдөгү туристтик сезонго кедергесин тийгизип жатканы айтылган. (TSh)