Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкү камакка алынды


Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупциялык иштерге байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынды. Бул маалыматты бүгүн, 1-августта УКМКнын басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары "Сатыбалдиевге жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү" деп бир катар объектилердин тизмесин чыгарган. Алардын арасында бир нече жеңил жана жүк ташуучу автоунаа, жер тилкелери, жер там жана батир, дүкөн бар.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (“Кылмышка шериктеш болуу”) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Коррупция”) каралган кылмышка шектүү катары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG