Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Текебаевге үй-бүлөсү менен жолугууга уруксат берилген жок


Өмүрбек Текебаев кызы менен.
Өмүрбек Текебаев кызы менен.

Ооруканада “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге үй-бүлөсү, балдары менен жолугууга "эрежелер туура келбейт" деген негизде уруксат берилген жок.

Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын жубайы Айгүл Текебаева билдирди. Анын айтымында, партия лидери менен адвокаттар жолугуп чыгышты. Учурда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары жолугууга уруксат алууга аракет кылып жатышат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Өмүрбек Текебаев 31-июлда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна которулганын билдирген. Дарыгерлер саясатчынын ооруканага которулганын “Азаттыкка” ырастап, учурда текшерүүдөн өтүп жатканын айтышты.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын төрагасы, экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин жүрөгүн текшертүү үчүн ооруканага убактылуу которууну анын үй-бүлөсү өтүнгөн.

Текебаевдин ден соолугуна байланыштуу маселе парламентте да козголуп, айрым депутаттар тобу “Ата Мекен” партиясынын башчысынын "ден соолугу дыкат текшерилип, зарыл болсо дарыланышы керек” деген мазмундагы кайрылууда кол топтошкон.

Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Өмүрбек Текебаев жаза мөөнөтүн №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта өтөп жатат. (КЕ/SE)

XS
SM
MD
LG