Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Ооганстанда президенттик шайлоонун датасы аныкталды


Герат провинциясындагы шайлоочуларды каттоо борбору.
Герат провинциясындагы шайлоочуларды каттоо борбору.

Ооганстанда кийинки президенттик шайлоо 2019-жылдын 20-апрелинде өтө турган болду. Өлкөнүн Көз каранды эмес шайлоо комиссиясы мындай чечимин шаршемби күнү жарыялады. Талапкерлерди каттоо ноябрь айынан кийин гана башталат.

Комиссиянын басма сөз катчысы Хафизулла Хашеми шайлоо алдында коопсуздукту камсыз кылуу жана каржы маселеси кыйынчылык жаратып жатканын айтты.

БУУнун Ооганстандагы миссиясы президенттик шайлоонун датасы такталганын кубаттап, бардык саясий топторду шайлоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга кол кабыш кылууга чакырды. 2014-жылы өткөн президенттик шайлоодо жеңүүчү так аныкталбай, добуш берүү учурунда одоно мыйзам бузуулар катталган.

Ооганстандагы парламенттик шайлоо быйыл 20-октябрда өткөнү жатат. Апрель айында Кабулдагы шайлоочуларды каттоо борборунда жардыруу болуп, 60тай кишинин өмүрү кыйылган.

SIGAR (Ооганстанды кайра куруу боюнча атайын инспекторлук) уюмунун 31-июлда жарыяланган баяндамасына ылайык, учурда Ооганстандын жалпы аймагынын 14 пайызын же 400дөн ашык райондун 56сын "Талибан" кыймылы көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG