Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Өзбекстан экстремисттик мүнөздөгү сайттарга бөгөт коёт


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды камтыган интернет сайттарына расмий бөгөт коё баштайт. Мындай чаралар каралган мыйзамга өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 31-июлда кол койду. Документ расмий жарыялангандан үч айдан кийин күчүнө кирет.

"Экстремисттик уюмдардын материалдары, белгилери жана атрибуттары белгиленген тартип боюнча өчүрүлүп же жок кылынышы керек. Эгер өчүрүүгө мүмкүн болбосо, анда андай маалыматтарды колдонууга чектөө коюлат", - деп жазылган мыйзамда.

Документке ылайык, бөгөт коюуну камсыздап бербеген интернет таркатуучу компанияларга карата чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда мыйзамда жасаган ишине өкүнгөн экстремисттерди жоопкерчиликтен бошотуу дагы каралган.

«Экстремисттик ишмердүүлүккө катышуудан өз эрки менен баш тартып, бул тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлаган адамдар мыйзам боюнча жоопкерчиликтен бошотулат», - деп белгиленген мыйзамда.

XS
SM
MD
LG