Каракол шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүгү мэр Данияр Арпачиевге ишенбестик көрсөтүштү. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Сейит Өскөнбаев билдирди. Анын айтымында, 31-июлдагы кеңештин 21-сессиясына катышкан 30 депутаттын 28и шаардын жетекчисине ишеним көрсөткөн эмес.
- 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү тууралуу отчетту кабыл алган эмеспиз, "канааттандырарлык эмес" деп табылган. Андан сырткары, шаарда жол, тратуар, фонтан, аялдама, борбордук көчөлөргө тигилген балатылар боюнча да маселелер көп. Мекемелердин жетекчилеринин дайындалышында да башаламандык көп болуп кетти. Ишеним көрсөтпөөгө шаардагы башаламандык себеп болду, - деди Өскөнбаев.
Караколдун мэри Данияр Арпачиев кызматка 2016-жылдын февралында кеңештеги көпчүлүктүн колдоосу менен шайланып келген.
Каракол шаардык кеңешинде беш фракциядан 31 депутат бар. (AsM)