2-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан жана кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 14...19, күндүз 25...30,
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,
Ошто, Жалал-Абадда, Баткен облустарында 16...21, күндүз 30...35,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27 градус болот.
Бишкек шаарында 2-августта күн күркүрөшү мүмкүн. Жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 28…30 градуска жетет.