Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды


Акылбек Осмоналиев.
Акылбек Осмоналиев.

Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-августта кол койгону жөнүндө маалымат өкмөттүк аппараттан алынды.

Ош облусунун Ноокат районунда туулган Акылбек Осмоналиев буга чейин президент менен өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп иштеп турган. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезинде өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенген. Ага чейин Улуттук статистика комитетинин төрагалыгын аркалаган эле.

Ысык-Көл облусунун мурунку башчысы Узарбек Жылкыбаев 25-июлда Ош облусуна ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Таласта жергиликтүү тургундар менен жолугушууда кадрларды ротациялоо салтын жандандыраарын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG