Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

Балдар үйлөрүнүн системасын реформалоо тобу түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын, баланын үй-бүлөдө жашоо укугун коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле үй-бүлө институтунун ролун күчөтүү максатында эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Буга байланыштуу буйрукка президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев кол койду.

Топтун курамына мамлекеттик органдардын, балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын камсыз кылуу ишин жигердүү жүргүзгөн өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирди. Жумушчу топ бул маселени иликтеп чыгып, тиешелүү сунуштарды 1-октябрга чейин президенттин кароосуна киргизиши керек.

Жумушчу топ түзүлө турганын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков «Баланын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук уюмунун директору Назгүл Турдубекова менен 27-июлда жолугушканда айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG