Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Орусиянын футбол командасы дүйнөлүк чемпионатта жеңилгени үчүн абактагылар сабалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Забайкалье крайындагы түзөтүү колониясында отурган соттолуучулар мекеменин кызматкерлеринен кыйноо көргөнүн айтып чыгышты. Алар буга футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Орусиянын курама командасы Хорватия менен беттеште жеңилип калганы себеп болгонун кабарлашты. Бул тууралуу орусиялык "Медуза" басылмасы “Зона права” адвокаттардын уюмуна таянуу менен билдирди.

Камалгандардын бири Александр Нохриндин айтымында, колониянын беш кызматкери аларды өлөрчө сабап, электрошокер менен кыйнаган. Жабырлануучу кызматкерлер мас болгон жана курама команданын утулуп калганына ызаланып турушкан деп эсептейт. Нохрин белгилегендей, ал күнү башка да соттолуучулар кыйноого кабылган. Кызматкерлер абакта аларга каршы газ колдонушкан.

Жабырлануучулардын адвокаттары 11-июлда Орусиянын Тергөө комитетине арыз жиберген, андан эмдигиче жооп ала элек.

Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында, чейрек финалдын алкагында 7-июлда орус командасы хорват командасы менен ойногон. Оюн эсеби 2:2 болуп, пенальти тебүүдө Хорватия жеңүүчү болуп чыккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG