Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:07

Быйылкы “Мекендештер” форумуна президент да катышат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форумунун төртүнчү айлампасына президент Сооронбай Жээнбеков да катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” форумдун медиа-координатору Топчугүл Шайдуллаева билдирди.

Анын айтымында, бул форумга биринчи жолу президент катышып жатат.

Быйыл форум Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда 8-9-августта өтөт. Ага мамлекет башчыдан тышкары экс-президент Роза Отунбаева, министрлер, депутаттар, өкмөт өкүлдөрү жана 23 өлкөдөн келе турган мигранттар катышат. Жалпысынан 300дөй адам келет. Үчүнчү форумда сыртта жүргөн мекендештердин Кыргызстандын аймактарына кошкон салымы тууралуу талкуу, диалог болот.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду салтка айланткан “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат. Форум 2012-жылы жана 2014-жылы Бишкекте өткөн, 2016-жылы Ош шаарында болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG