Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Адвокаттардан салык алуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги нотариустарды жана адвокаттарды салык төлөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Документте адвокаттар менен жеке менчик нотариустардын кирешесинен салык алуу сунуш кылынган.

Мекеменин Нотариат жана адвокатура башкармалыгынын адиси Адилет Расуловдун “Азаттыкка” айтканына караганда, анда жарандардын юридикалык жардам алышын жөнгө салыш үчүн адвокаттар менен нотариустардын кирешесинин он пайызын салыкка которуу сунушталган:

- Буга чейин адвокаттар менен нотариустар патенттин негизинде иштеп келишкен. Биз сунуш кылган долбоор боюнча, алардын жумушу ишкердиктин түрүнө кирип жаткандыктан, салык алуу маселеси камтылган. Алар элге юридикалык кызмат көрсөтүп жатышат. Андыктан "салык салуунун өзгөчө түрү" деп коет. Ошону Салык кодексинин 60-бөлүмүнө "Адвокаттар менен жеке нотариустардын салык режими" деп киргизип атабыз.

Министрлик коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоору "Адвокаттык жана нотариалдык ишмердүүлүк боюнча айрым актыларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталат

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда лицензия алган адвокаттардын саны эки жарым миңдин тегерегинде. Ал эми жеке нотариустар 700дөн ашат. Адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзүш үчүн Юстиция министрлигинин уруксаты талап кылынат. Былтыр Коопсуздук кеңеши бул мекемеде адвокаттарга жана нотариалдык кеңселерге лицензия берүүдө паракорчулук орун алып жатканын жарыялаган. (КЕ/NT)

XS
SM
MD
LG