Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Дары-дармек сатып алуу боюнча өткөн тендер кайра текшерилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк оорулуу бейтаптар үчүн дары-дармек каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердин жыйынтыгын кайра текшерип чыгат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

1-августта гемодиализ кызматын алган бейтаптар тендердин жыйынтыгына нааразы болуп министрликтин имаратынын алдына чогулушкан. Алар утуп чыккан “Репоэтин” каражатын колдонуудан кооптонуп жатышканын билдиришкен. Бейтаптар буга чейин колдонуп келген, ушуга окшош “Репретин” каражатынан улам бейтаптардын абалы начарлап кеткенин жүйө келтирип жатышат.

Кыргызстанда 2013-жылы “Ротафарм” компаниясынын “Репретин” препаратынын айланасында ызы-чуу күч алган.

Бөйрөк оорусунан жана рактан жабыркаган адамдардын саламаттыгын колдош үчүн сайылчу бул дарынын сапаты жана тийгизген таасири боюнча күмөн ойлор тараптардын талаш-тартышына алып келген. Айрым илимпоздор "“Репретин” анык дары катары илимий изилдөөдөн өткөн эмес" деген бүтүм чыгарышкан.

Бейтаптар ошол эле “Репретин” азыр “Репоэтин” болуп өзгөртүлүп алынып келиши мүмкүн деп божомолдошууда.

Бүгүнкү күндө 600 бейтап бюджеттик негизде, дагы 600 бейтап Милдеттүү медициналык фонддун каржылоосу менен гемодиализ алып жатат. (КЕ/AN)

XS
SM
MD
LG