Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев депутаттардын өзүнө ишенбестик көрсөткөнү боюнча “Азаттыкка” пикирин билдирди. Ал муну партиялардын кызыкчылыгынан улам кабыл алынды деп эсептеп жатат.
- Партиялардын эле ич ара кызыкчылыгы болду окшойт. Депутаттар айтып жаткан аялдамалар боюнча текшерүү болуп, эч нерсе табылган эмес. Былтыркы жылга салыштырмалуу жети айдын ичинде жергиликтүү бюджетке 10 млн. сом ашык чогулттук. Шаардын ичиндеги пландалган чарбалык иштердин баары аткарылып бүттү. Аябай сынга алгыдай абал деле жок болчу. Эмнеге байланыштуу андай чечим кабыл алышканын билбейм.
31-июлда Каракол шаардык кеңешинин сессиясына катышкан 30 депутаттын 28и шаардын жетекчисине ишеним көрсөткөн эмес. Депутаттар калаадагы жол, тратуар, фонтан, аялдама, борбордук көчөлөргө тигилген балатылар боюнча да маселелер көп экенин, мекеме жетекчилеринин дайындалышында да башаламандык көп болуп кеткени буга себеп болгонун белгилешкен.
Караколдун мэри Данияр Арпачиев кызматка 2016-жылдын февралында шаардык кеңештеги көпчүлүктүн колдоосу менен шайланып келген.
Каракол шаардык кеңешинде беш фракциядан 31 депутат бар. (КЕ)