Кыргызстанга 2017-жылы 1 млн. 923 миңден ашуун телефон алынып келген. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, чөнтөк телефондордон сырткары өлкөгө ташылып келген байланыш аппараттарынын саны 600дөн ашкан.
Кыргызстанда чет жактан ташылып келүүчү чөнтөк телефондордун ар бирине чек арадан 100 сомдон төлөм алуу боюнча өкмөттүн токтому жакында коомдун талкуусуна коюлган. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев акчаны катардагы абоненттер эмес, телефондорду Кыргызстанда сатуу үчүн ташып келип жаткан компаниялар төлөй турганын билдирген. Бул аткезчиликке мүмкүнчүлүк берилбеш үчүн гана жасалып жатканы белгиленген. (КЕ)