Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:23

Орусияга Кыргызстандан ташылган жашылча-жемиш артка кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия акыркы бир жума ичинде Кыргызстандан ташылган 60 тоннага жакын жашылча-жемишти өз аймагына өткөрүүдөн баш тартты. Ушуну менен 26-июлдан бери Кыргызстандан барган 125 тоннадан ашык өндүрүм Орусияга өткөрүлгөн жок. "Россельхознадзор" федералдык кызматы берген маалыматка караганда, өткөн аптада Оренбург облусуна Кыргызстан менен Казакстандан ташылып бараткан 116 тоннадан ашык жашылча-жемиш "фитосанитардык сертификаттары жараксыз" деген жүйө менен өткөрүлгөн эмес. Орус-казак чек арасында токтотулган жана үч машинеге жүктөлгөн бул жүктүн 56,72 тоннасы Кыргызстандан чыккан өрүк менен сарымсак, калганы казакстандык дыйкандардын коон-жүзүмү.

Бул азыктар Москванын базарларына ташылып баратканда артка кайтарылды. Ага чейин 28-29-июлда Новосибирск облусуна жөнөтүлгөн 57 тоннадан ашык өрүк "мыйзамсыз ташылып бараткан" деген негизде Кыргызстанга кайтарылган. 30-июлда "маркировкасы жок жана фитосанитардык сертификат туура эмес" деген жүйө менен Кыргызстандан бараткан жалпы салмагы 11 тонна кургатылган жемиштер, өрүк кагы, мейиз, грек жаңгагы, сейдананын уругу да артка кайтарылган. "Россельхознадзор" карантинге туш келген азыктарда анын аталышы, кай жактан чыгарылганы, экспорттоочу жана реэкспорттоочу өлкө тууралуу маалыматтар камтылган маркирлөө болушу зарыл экенин эскертти. Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги Орусиядан артка кайтарылган азыктар тууралуу комментарий бере элек. (NT/KE)

XS
SM
MD
LG