Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

"Манаска" аргасыз конгон учак боюнча иликтөө жүрүп жатат


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

29-июлда Ош-Анталия багытында баратып техникалык себептен улам Бишкектин "Манас" аба майданына конууга мажбур болгон учактын окуясы иликтенүүдө. Жарандык авиация агенттигинин жетекчисинин орун басары Бакыт Жунушалиев “Азаттыкка” билдиргендей, учактагы гайкалардын бири чыгып кеткендиктен учкучтар аны "Манас" аэропортуна кондурууга мажбур болушкан. Иликтөөнү агенттиктин адистери жүргүзүп жатышат.

“Авиа Траффик” компаниясына таандык учакта 89 жүргүнчү бараткан эле. Алар тамак-аш жана жатакана менен камсыз болушкан.

Бул компаниянын башчысынын орун басары Георгий Еременко жүргүнчүлөр ошол күнү башка учак менен жол тартып, Анталияга жеткенин айтты.

Бирок окуянын чоо-жайы тууралуу андан бери эч кандай түшүндүрмө берилген эмес. Компаниянын сайтына окуя тууралуу маалымат да чыккан эмес.

Быйыл 1-мартта да "Тез жет" авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конгон учакта 96 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Эч ким жабыркаган эмес. Учактын кыймылдаткычы лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү үчүн АКШга жиберилген. Жарандык авиация агенттигинин адистери беш айдан бери текшерүү бүтө элек экенин билдиришти.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 учак бар. Анын тең жарымы жараксыз.

Кыргызстандык авиакомпаниялар "эл аралык нормаларга дал келбейт" деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек. (SE)

XS
SM
MD
LG