Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Грузин президенти Орусияны оккупация үчүн кайрадан айыптады


Гиоргий Маргвелашвили.
Гиоргий Маргвелашвили.

Грузиянын президенти Гиоргий Маргвелашвили өлкөнүн бир бөлүгүн оккупациялагандыгы үчүн Орусияны айыптады. 1-августта АКШ жана НАТОнун башка мүчөлөрү менен эки жумалык аскердик машыгууну ачып жатып президент: “Биз бүгүн кошуна Орусия 20 пайыз жерин мыйзамсыз оккупациялаган өлкөнүн аймагында турабыз”, - деди.

Грузияда ушуну менен төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан машыгууга НАТОнун мүчөсү болбогон Украина, Армения жана Азербайжан да катышууда.

Бир нече күндөн кийин Грузия менен Орусиянын ортосундагы 5 күндүк согушка 10 жыл болот. Куралдуу жаңжал Грузиянын курамындагы жикчил Түштүк Осетиянын айынан тутанган. Москва ошондой эле дагы бир жикчил республиканы – Абхазияны да колдоп жүрөт жана эки чөлкөмдү тең эгемен өлкө деп тааныган.

XS
SM
MD
LG