Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:17

Украиналык боксчу ага Эл баатыры наамын берүү идеясын четке какты


Александр Усик.
Александр Усик.

Украиналык боксчу Александр Усик орусиялык Мурат Гассиевди жеңгендиги үчүн ага өлкө баатыры деген наам берүү демилгесин четке какты. Бул тууралуу УНИАН агенттиги кабарлады.

Усик Киевдеги басма сөз жыйынында мындай чечимин түшүндүрүп: "Өз элим үчүн, кээ бир адамдар үчүн мен ансыз да баатырмын, элдин баасына татыгам. Мен үчүн силер оңго-солго тараткан жылдыздар эмес, ошол баа маанилүү", - деди.

Июлдун аягындагы беттешүүнү жеңип, Усик оор салмакта тарыхтагы биринчи абсолюттук чемпион болуп калды. Президент Петро Порошенко анын жеңишин Украина жүргүзгөн күрөштүн символу деп атаган. Премьер-министр Владимир Гройсман боксчуга "Украинанын баатыры" деген наам берүүнү сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG