Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жер титирөө 2-август күнү саат 15:14ттөр чамасында болгон. Анын күчү Кара-Көл шаарында, Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3 баллга, Базар-Коргон районунун Арстанбап, Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга жеткен. Баштапкы маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроо катталган жок. (КЕ)