Кабулда чет өлкөлүк үч кишинин сөөгү табылды. Полициянын маалыматына караганда, Малайзиянын, Индиянын жана Македония жарандары бүгүн эртең менен иштеген жеринин жанында уурдалып кетип, кийин өлтүрүлгөн. Үчөө тең "Sodexo" деген белгилүү кэтеринг компаниясында ашпоз болуп иштешчү.
Ички иштер министрлигинин өкүлү Насрат Рахими ок тийген маркумдардын сөөктөрү машинеде табылганын билдирди.
Кабул полициясынын маалымат өкүлү Хашмат Станекзай окуя азырынча теракт катары бааланып жатканын айтты.
Кылмыш үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Ооганстандын баш калаасында чет өлкөлүк кишилерди же бай оогандарды уурдап, опузалап акча өндүрүү өнөкөтү кеңири жайылган.