Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Сузакта милиция бөлүмчөсүн кызматкерлер ашар жолу менен куруп жатышат


Жаңы курулуп жаткан милиция бөлүмчөсү.
Жаңы курулуп жаткан милиция бөлүмчөсү.

Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы милиция бөлүмчөсүн милиция кызматкерлери өздөрү, ашар ыкмасы менен куруп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Анын айтымында, ашарга райондук милиция башкармалыгынын өздүк курамы тартылган. Алар курулушту кышка чейин бүтүрүп салууну көздөп жатышат. Учурда имараттын дубалы тургузулду.

Айыл аймагынын борбору Миң-Өрүк айылында салынып жаткан имараттын аянты 402,75 чарчы метрди түзөт. Жалпысынан 18 бөлмөдөн турат. Мында иштеген милиция кызматкерлери 28 миң адамды тейлейт.

Милиция бөлүмчөсүн курууга жер участогун Барпы айыл округунун жетекчилиги бөлүп берген. Ал эми курулуш материалдарын сатып алууга жергиликтүү эл, ишкерлер жана милиция кызматкерлери өздөрү өткөргөн марафондон түшкөн акча жумшалууда. Марафондон жалпы канча акча түшкөнү жана имаратты курууга жалпы канча каражат кетээри айтылган жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG