АКШнын Москвадагы элчилигиндеги кызматкерлердин арасында он жылдан ашуун орусиялык чалгынчы аял жашыруун иштеп келгенин британиялык "Guardian" гезити атайын кызматтардагы булактарына таянуу менен жазып чыкты. Басылманын маалыматына караганда, ал тыңчылык менен алектенген болушу мүмкүн. Гезит дипломатиялык миссияда иштеген орусиялык кызматкердин аты-жөнүн жарыялаган эмес.
Кабарда белгиленгендей, аялды АКШнын жашыруун кызматы ишке алган. Кызматкердин элчиликтин электрондук почталарына жана ички байланыш тармактарына ээн-эркин кирүүгө мүмкүнчүлүгү болгон. Ал бул жолдор аркылуу АКШнын президенти Дональд Трамптын жана вице-президент Майк Пенстин жумуш графиги, мындан башка да жашыруун маалыматтарга ээ болуп жүргөн.
Америкалык миссиянын алдындагы коопсуздук адистери аталган кызматкер 2016-жылы Орусиянын ФСБсынын өкүлдөрү менен бир нече жолу жолукканын билип калышкан. "Guardian" кабарлагандай, АКШнын жашыруун кызматынын аброюн түшүрүп албаш үчүн ошондон кийин, 2017-жылы аны иштен бошотушкан. (ErN)