Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Зимбабведеги тополоңдо алты киши каза болду


Хараре шаарындагы нааразылык акциясы.
Хараре шаарындагы нааразылык акциясы.

Зимбабве мамлекетинин борбору Хараре шаарында нааразылыкка чыккандар менен аскерлердин кагылышуусунан кеминде алты киши каза болду. Бул тууралуу “Франс-Пресс” агенттиги жазды. Мурдараак полиция өкүлдөрү төрт кишинин өлгөнүн ырасташкан.

Зимбабведеги башаламандык президенттик шайлоодогу добушту саноо учурунда болду. Хараре шаарынын көчөлөрүнө азыр бийликте турган президент Эммерсон Мнангагванын каршылаштары чыккан. “Reuters” агенттиги кабарлагандай, нааразылык акциясына чыккандар дөңгөлөктөрдү өрттөп, имараттарга таш ыргытууда. Бийлик ага жооп кылып борбордо аскердик техниканы көбөйттү.

Акцияга чыккандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана суу атылмалар колдонулууда.

Ал арада Хараредеги жаңжалды Евробиримдик айыптап чыкты. Брюссел Зимбабвенин бийлигин сабырдуулукка, демонстранттарды мыйзамдарды сактоого чакырды.

Хараредеги кагылыш жергиликтүү шайлоо комиссиясы Улуттук Ассамблеяны шайлоодогу добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялап жибергенден кийин башталган. Учурда өлкөнү башкарып жаткан партия парламентте көпчүлүк орунду ээлеп калган. Президентти шайлоонун расмий жыйынтыктары эмгиче жарыялана элек. Оппозиция бийлик бурмалаганга жетишип калуу үчүн шайлоонун жыйынтыгын жарыялоону атайылап создуктуруп жатат деп айыптоодо.

Зимбабвенин жарандары өлкөнү 37 жыл башкарган Роберт Мугабе кызматтан кеткенден кийин биринчи жолу жаңы президентти шайлап жатышат. 30-июлдагы шайлоодо негизги атаандаштык Мугабенин ордун баскан 75 жаштагы азыркы президент Эммерсон Мнангагва менен оппозициядагы "Демократиялык өзгөрүүлөр үчүн кыймылынын" 40 жаштагы лидери Нельсон Чамизанын ортосунда болду. Президенттик шайлоо менен бирге Зимбабведе парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор да өттү. Алардын так жыйынтыгы 4-августта белгилүү болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG