Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:25

“Чыгыш электр” Европа өнүктүрүү банкынан 4 миллион евро насыя алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен “Чыгыш электр” ачык акционердик коомунун ортосундагы Насыялык жана гранттык макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттик аппарат билдирди.

Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ал мыйзамды Жогорку Кеңеш тарабынан 28-июнда кабыл алган.

Макулдашууга ылайык, Европа өнүктүрүү банкы “Чыгыш электр” ишканасын реабилитациялоо долбооруна 6 миллион евро берет. Анын 4 миллиону насыя, 2 миллиону грант. Мындан тышкары долбоорду ишке ашырууга колдоо катары 1 миллион еврого жакын техникалык жардам көрсөтүлөт.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, “Чыгыш электр” акционердик коомуна караштуу электр чубалгыларынын көбү 1960-1970-жылдарда аз калкка ылайыкталып курулгандыктан, учурдун талаптарына жооп бербейт. Натыйжада мекеме тараткан электр-энергиясы 20% чейин жоготууга учурайт. Ошол себептен 2017-жылдын 7-декабрында тармакты оңдоого байланыштуу макулдашууларга кол коюлган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Чыгыш электр” ишканасы мамлекеттик "Улуттук энерго холдинг" компаниясына карайт. Холдингге “Электр станциялары”, “Электр тармактары”, “Түндүк электр”, “Ош электр”, “Жалал-Абад электр”, “Бишкек жылуулук тармактары” жана башка акционердик коомдор да баш ийет. (ErN)

XS
SM
MD
LG