Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

Пакистанда 12 мектеп өрттөнүп кетти


Пакистандагы кыздар билим алган мектептердин бири.

Пакистандын түндүгүндөгү Гилгит-Балтистан провинциясында кеминде 12 мектеп өрттөнүп кетти. Полиция окуя 3-августта провинциянын Диамер районунда болгонун, "мектептерге атайылап өрт коюлган" деген шек саноо бар экенин билдирди.

Өрт учурунда мектептер жабык болгондуктан эч ким жабыркаган жок. Азырынча бул окуя боюнча эч бир согушкерлер тобу жоопкерчиликти моюнга ала элек.

Өрттөнгөн мектептердин жарымында кыздар билим алып келген. Бул окуядан кийин жергиликтүү тургундар мектептердин коопсуздугун камсыз кылууну талап кылып көчөгө чыгышты.

Полициянын өкүлдөрү иликтөө иши башталганын айтышты. Гилгит-Балтистан провинциясы Ооганстан, Кытай жана Гималайдагы талаштуу Кашмир аймагы менен чектешет.

"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, Пакистанда 25 миллиондой өспүрүм мектепке барбайт. Балдардын билим алышына пакистандык жоочулардын мектептерди талкалаганы, мугалим жана окуучуларды бутага алган чабуулдары да тоскоолдук жаратып келет.

XS
SM
MD
LG