Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Мектептерге кабыл алууда "электрондук кезек" ыкмасы киргизилет


Кыргызстандагы мектептердин бири.
Кыргызстандагы мектептердин бири.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге балдарды кабыл алууда "электрондук кезек" ыкмасын киргизгени жатат. Бул тууралуу өкмөттүн 3-августтагы жыйынында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, алгач бул ыкма 2018-жылдын аягына чейин Бишкектин мектептеринде пилоттук долбоор аркылуу сыналат. Андан кийин долбоор башка аймактарда да иштетилет. Мындан тышкары мекеме окуучуларга маданий билим берүү менен алектенүүнү да көздөп жатканы айтылды.

Жакында ар бир окуучу окуп-көрүп чыгууга тийиш деген 100 китептин, 20 тасманын тизмеси түзүлөт.

Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында жалпы билим берүү мекемелеринин 2018-2019-окуу жылына даярдыгы талкууланды. (NT/AT)

XS
SM
MD
LG