Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Ооганстан: мечиттеги жардырууда өлгөндөр 25 кишиге жетти


Ооганстандын коопсуздук кызматкерлери.
Ооганстандын коопсуздук кызматкерлери.

Ооганстанда шииттердин мечитиндеги жанкечтинин жардыруусунан мерт болгондордун саны 25ке жетти. Кырктан ашуун киши жарадар болду. Чагымчыл кол салуу 3-августта Пактия провинциясындагы "Хаваза Хассан" мечитинде жума намазынын маалында болгон.

Провинциянын полиция бөлүмүнүн башчысы Раз Мохаммад Мандозайдын айтымында, паранжы кийген эки жанкечти алгач мечиттин алдындагы эки коопсуздук кызматкерин өлтүрүп, анан ичкери кирип өздөрүн жардырып жиберишкен. Буга чейин айрым полиция кызматкерлери экинчи жанкечти бомбасын жардырар алдында атып өлтүрүлгөнүн билдиришкен.

Бул чабуулга азырынча эч бир тарап жоопкерчилик ала элек. Бирок Ооганстанда шииттерди бутага алган буга чейинки кол салуулардын көбүн өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ уюштурган.

БУУнун Ооганстандагы миссиясынын маалыматына ылайык, былтыр шииттердин диний жайларындагы кол салуулардан 161 киши каза таап, 250дөн ашыгы жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG