Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Симферополдо бир крым татары өзүн өрттөп жиберди


Видеодон алынган сүрөт.
Видеодон алынган сүрөт.

3-августта Крымдын баш калаасы Симферополдун борбордук бөлүгүндө бир адам өзүн өрттөп жиберди. Ватан Карабаш аттуу тургун крым татарларынын турак жайлары жайгашкан районго көп кабаттуу имараттарды куруу аракетине нааразылык билдириш үчүн ушул кадамга барганы аныкталды.

Карабаш өзүнө бензин чачып, от койгондо жанында турган адамдар аны жерге жыгып, отту өчүрүп калышты. Азыр анын абалы кандай экени так белгисиз.

2-августта полиция Симферополдун жанындагы "Стрелковая" аймагындагы курулуш планына каршы чыккан активисттерди кууп таркаткан болчу. Быйыл жыл башында Кремлге баш ийген Крымдын бийлиги бул аймакта "Крым розасы" аттуу жаңы район курулаарын жана 9 миң адамды батырган жаңы көп кабаттуу үйлөр салынаарын жарыялаган. Ал үчүн жергиликтүү татарлардын турак жайлары бузулмай болгон.

Сталиндин доорунда Борбор Азияга айдалган крым татарларынын бир бөлүгү 1980-1990-жылдары артка кайтып келип, бул аймакты байырлап калышкан.

Орусия 2014-жылдын март айында крымдыктар референдум өткөргөнүн жүйө кылып, Крым жарым аралын аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG