Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Мамлекеттик ЖОЖдордун ректорлорун окуу жайдын кызматкерлери шайлай турган болду


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети

Президент Сооронбай Жээнбеков "Билим берүү" тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койду. Эми жогорку окуу жайлардын ректорлорун өкмөт эмес, окуу жайдын кызматкерлери добуш берүү аркылуу шайлай турган болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" илим жана билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобеков кабарлады.

- Мурда шайлоо өткөндөн кийин үч талапкер өкмөткө келет эле. Өкмөт алардын ичинен бирөөнү тандап бекитчү. Жаңы мыйзамдын өзгөчөлүгү эми кесиптештеринин 50%+1 добушун алган талапкерди министр шыр эле жетекчи катары бекитет. Буга чейин "өкмөт аз добуш алган талапкерди эле дайындап коет" деген ар кыл пикирлер айтылып келген. Азыр эми өкмөт ал милдетти коллективге артып, бирок сөзсүз добуштардын 50 пайызынан көбүн алсын деген шартты койду.

Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык мамлекеттик жогорку окуу жайдын ректору болуп дайындалгысы келген талапкер эми шайлоодон 50 пайыздан ашык добуш алышы керек. Эгер бир да талапкерлер 50 пайыздан ашык добуш албаса, анда экинчи турга эң көп добуш алган эки талапкер катышат. Алардын 50 пайыздан ашык добуш алганын министрлик ректор кылып бекитет. (KR)

XS
SM
MD
LG