Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:38

Калктын ден соолугун сактоо системасын өнүктүрүү программасы кайрадан иштелип чыгат


Иллюстрация
Иллюстрация

3-августта өкмөттө өткөн жыйында 2019-2030-жылдарга карата калктын ден соолугун сактоо системасын өнүктүрүү программасы сунушталган. Бирок өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өнүктүрүү программасында аймактардын сунуштары жана талаптары камтылбай калганын, ошол себептен программа толукталышы керек экенин айтып, аны кайрадан иштеп чыгууга он күндүк убакыт берди.

- Программанын долбоору бир нече багыттар боюнча кайрадан иштелип чыгууга тийиш. Биринчиден, мазмуну. Көрсөтүлгөн чаралар ишке ашыруунун механизмдерин толук баяндоо менен деталдаштырылышы керек. Биздин аймактык жетекчилер программа тууралуу эмес, медпункт же ФАБ жөнүндө суроо берип жатат. Программанын талкуусун дагы кеңейтип, азыр бир жума же он күндөй мөөнөт берели. Облустагы жетекчилердин, ал жердеги дарыгерлердин көз карашы кандай болот, ошону көрүшүбүз керек.

Өкмөт башчы калктын саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүү программасынын каржылоо булактарын аныктап көрсөтүүнү, социалдык жактан аз камсыз болгон жана майып адамдардын саламаттыгы кантип сактала турганын так көрсөтүүнү талап кылды. (KR)

XS
SM
MD
LG