Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:31

Ленин чокусун адам багындырганынын 90 жылдыгы белгиленди


Чоң-Алай районундагы Ленин чокусуна жакын жайгашкан Кашка-Суу айылындагы фестивал.
Чоң-Алай районундагы Ленин чокусуна жакын жайгашкан Кашка-Суу айылындагы фестивал.

Ленин чокусун адам багындырганынын 90 жылдыгына арналган фестиваль 3-августта Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылында болуп өттү. Ага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, Ош облустук администрациясынан өкүлдөр, туристтик компаниялар жана чет элдик туристтер катышты.

Фестивалдын конокторуна Чоң-Алай районунун тургундары кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш көргөзмөлөрүн, улуттук оюндарды жана өздүк көркөм чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулашты. Катышуучулар Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү жаатында алгылыктуу иштер жасалып жатканын белгилеп, мунун ичинде автоунаа жолдорунун жакшырышын жана тоолуу аймактарда интернет менен мобилдик байланыш пайда болгонун айтып жатышты.

Ошол эле учурда тоолуу аймактардагы жолдорду оңдоо, таштандыларды азайтуу жана туристтерге кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.

Чоң-Алай тоо кыркаларында жайгашкан Ленин чокусунун бийиктиги 7134 метрди түзөт. Ал Кыргызстандагы Жеңиш чокусунан кийин экинчи, КМШдагы эң бийик 3-чоку. Ленин чокусун "Манас ата зоосу" деп атоону экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш депутаттарына жана өкмөткө сунуштап, 2017-жылы “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Азырынча бул сунуш карала элек. (MdN)

XS
SM
MD
LG