Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Сузактагы Орто-Азия айылында жайгашкан мечитте өрт чыкты


Сузак районундагы Орто-Азия айылында жайгашкан мечит
Сузак районундагы Орто-Азия айылында жайгашкан мечит

Сузак районундагы Орто-Азия айылында жайгашкан мечитти тилсиз жоо каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

4-августта саат 19:31де Жалал-Абад обусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Азия айылында жайгашкан мечиттен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө Сузак райондук №65 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм, саат 19:39да Жалал-Абад шаардык №20 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм, саат 19:53тө №20 АӨКБдан бир бөлүм тартылган.
Өрт саат 20:21де чектөөгө алынып, саат 20:40та толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматка ылайык өрттөн жабыркагандар жок. (KR)

XS
SM
MD
LG