Борбордук Африка жумуриятында киши колдуу болгон үч орус журналисттин сөөгү Air France франциялык учак компаниясынын учагы менен Москвага жеткирилди.
Flightaware сайтынын маалыматына ылайык учак Москванын Шереметьево аба майданына 5-август түнү келип конгон.
Каза тапкан журналисттин биринин досу Максим Шевченко орусиялык ТАСС мамлекеттик маалымат агенттигине маек куруп жатып, журналисттердин сөөгү алардын жакындарына экспертизадан өткөн соң гана берилерин кабарлады. Ал Орусиянын тергөө комитети экспертизага кеминде эки күн кетерин айтканын кошумчалады.
Орусиялык топ “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө документалдуу фильм тартмак.
Версиялардын бирине ылайык, орусиялыктар бараткан машине буктурмага кабылган. Аларга карактоо максатында кол салышканы да айтылууда. Дагы бир божомолдор боюнча маркумдарды туткундап, кийин өлтүрүшкөн. Айрым укук коргоочулар алардын маршруту коопсуз болчу дешет.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги догдурлар маркумдардын денелеринде кыйноолордун белгилерин табышпаганын билдирди. Кылмышты тергөө үчүн Африкага орусиялык адистер жөнөтүлмөкчү.