Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

АКШнын тышкы карызы 21,3 триллион доллардан ашты


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

АКШнын жалпы карызынын көлөмү 21,3 триллион доллардан ашты. Анын ичинде 15,6 триллион доллар өкмөткө тиешелүү, ал эми 5,6 триллион доллар мамлекеттин ички карызы. Бул тууралуу "Америка үнү" кабарлады.

Жакынкы убакытта карызы көбөйгөн АКШ өнөктөштөрү менен "соода согушунун" көлөкөсүндө калышы мүмкүн деп жазат CNBC.

Дональд Трамптын шайлоо алдында берген убадаларынын бири АКШнын мамлекеттик карызын жоюу болчу. Азыркы президент анын экономикалык чаралары бул көйгөйдү чечет деп ынандырып келген, бирок Трамптын президенттик мөөнөтү учурунда мамлекеттик карыз триллион долларга өстү.

Республикачылдар мамлекеттик карыздын көбөйгөндүгү үчүн АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманы сындап келишкен. Анын эки президенттик мөөнөтүндө карыздын көлөмү 10,6 триллиондон 19,9 триллион долларга көбөйгөн.

Мамлекеттик карыз менен чогу АКШнын бюджетинин таңкыстыгы да байкалууда. Ушул жылдын февраль айында ал 215 миллиард долларды түзүп, эң жогорку көрсөткүчкө жеткен.

XS
SM
MD
LG