Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

2017-жылы Нидерланд Кыргызстандын туризм тармагына эң көп инвестиция алып келген


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

2017-жылы Кыргызстандын туризм тармагына тартылган чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 17,3 миллион АКШ долларын түздү. Анын 69,1 пайызы Нидерланддан түшкөн. Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук статистика комитети келтирди.

АКШдан тартылган инвестициялардын көлөмү 14%, Кытайдан 10,5 пайызды түзгөн. Туризм объектилерин курууга былтыр 22 миллиард 795,1 миллион сомдук инвестиция сарпталган.

Кыргызстандын туристтик кызматтарынын экспорту 418 миллион долларды түзүп, анын басымдуу бөлүгүн - 361,7 миллион долларды КМШ өлкөлөрүнүн жарандары алып келген. Жалпы экспорттолгон кызматтардын ичинен туристтик кызматтардын көлөмү 50,7 пайызды түзүп, ички дүң продукциянын 4,8 пайызына тете.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык 2017-жылы Кыргызстандын чек арасынан 4,7 миллион адам өткөн. Алардын 1,3 миллиону эс алууну көздөп келген туристтер.

XS
SM
MD
LG