Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:23

Өмүрбекова: Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштардын саны эки эсеге көбөйдү


Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова
Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова

Кыргызстандын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова ювеналдык (өспүрүмдүк) юстиция боюнча ведомство аралык координациялык кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, профилактикалык иш-аракеттерге карабастан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштардын саны эки эсеге өскөнүн айтты.

- Бул профилактикалык иш-чараларды ишке ашырууда мандем бар экендигинен кабар берет. Республикада ар тараптуу социалдык реабилитациялоо системасы өнүккөн эмес жана кыйын кезеңдеги өспүрүмдөргө жетиштүү түрдө социалдык колдоо көрсөтүлбөйт, - деди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

Укук коргоо органдары өспүрүмдөрдү кылмыштуулукка түрткөн эң ири фактор катары үй-бүлөлөрдөгү ажырашууларды жана үй-бүлө институтунун ыдырашын атап келет.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда соңку алты ай ичинде өспүрүмдөр арасында 134 кылмыш катталган. Алардын басымдуусу каракчылык, уруулук менен кармалгандар.

Буга чейин укук коргоочулар Кыргызстандагы өспүрүмдөр колониясын жабуу тууралуу демилге көтөрүшкөн. Алар "балдар абагы өспүрүмдөрдүн психологиясын бузуп, болочок кылмышкерлерди даярдайт" деп тынчсызданышууда. (KR)

XS
SM
MD
LG