Экинчи дүйнөлүк согуш маалында чыккан учак швейцариялык жана австриялык туристтерди Альпы тоолоруна ташып жүргөн. Учак деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте тоого барып урунуп, кыйроого дуушар болгон. Ичиндеги 20 киши, анын ичинде экипаждын үч мүчөсү курман болду.
Ишембидеги кырсык тууралуу Граубюнден кантонунун полициясы жекшембиде билдирди. Курман болгондордун 17и швейцариялыктар жана үч кишиден турган австриялык үй-бүлө экенин полициянын өкүлү кабарлады.
1939-жылы өндүрүштөн чыккан «Юнкерс» самолёту эски учактардын коллекциясына кирген. Бул жолу туристтерди Альпы тоолоруна эки күндүк эс алууга алып бараткан экен.
Швейцариянын полициясы учактын "кара кутусунун" жоктугун жана радар Альпынын алыскы бул чокусун көрсөтө албай турганын билдирди. Ал эми курман болгондордун сөөгүн алып түшүү иши баштала элек. Кырсык болгон жерде куткаруучулар өз ишин улантууда.